Кой-Таш окуясы. Сот Алмазбек Атамбаевге соттук-медициналык экспертиза дайындоо чечимин чыгарды
- 14.04.2021, 16:18,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот иши болду. Башкы айыпталуучу Алмазбек Атамбаев бул жолу да сотко алынып келген жок. Ошондой эле дагы бир катар айыпталуучулардын ооруп жатканы айтылды.
Кундуз Жолдубаеванын айтымында, судья Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевге соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө чечим чыгарды.
Экспертиза мурунку мамлекет башчысынын ден-соолугунун абалын, ошондой эле ал жыйынга катыша алабы же жокпу аныктай турганы белгилүү болду. Сот жараяны экспертиза аяктаганга чейин убактылуу токтотулду.