У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аксы районунун тургундары Кытайга ижарага берилген алтын кенин иштетүүгө каршы чыгышууда

Аксы районундагы Кызыл-Бейит айлынын жашоочулары Кызыл-Бейиттеги алтын кенин Кытайларга ижарага берилишине каршы чыгышууда. Мындай маалымат социалдык тармактарда тарап, окуя 5-апрелде болгону айтылууда. Жолугушуу учурунда укук коргоо органдары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда кайым айтышуу болуп, эл алтынды иштетүүгө жана Кытайга ижарага каршы экенин билдиришкен. 
 
Айрым маалыматтарга караганда, Кызыл-Бейиттеги алтын кени Нарын дарыясынын башында жайгашкандыктан, алтынды иштетүүдөгү зыяндуу заттар дарыяга кошулуп, суунун ууланышына алып келери айтылууда.  Эгер суу ууланса аны колдонууга мүмкүн болбой турганын жана Кызыл-Бейиттеги жайыт жерлер да толугу менен жараксыз болорун жергиликтүү тургундар билдиришкен. 


]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter