Автоунаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат берилет. Бирок акы төлөнөт
- 05.04.2021, 11:33,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өкмөт автоунаалардын алдыӊкы терезелерин караңгылатууга уруксат берүү боюнча сунуштарды даярдап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн социалдык тармактагы барачасына жазды.
Анын айтымында, буга автоунаалардын алдыӊкы терезелеринин караӊгылатуу боюнча бир топ талкуулар болгон.
«Жакында биз токтом долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз. Айрым өлкөлөрдө бул маселе мамлекетке киреше алып келүү максатында чечилген», - деди Марипов.