У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев чек ара боюнча пикирин айткан Тажикстандын мурдагы министрине жооп кайтарды


   Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы министри Хамрахон Зарифинин Ворух анклавы боюнча айткан сынына жооп берди. Хамрахон Зарифи «Ворух эч качан анклав болгон эмес» деген пикирин айткан. 
 
«Урматтуу кыргызстандыктар! Тажикстандын бир аксакалы Хамрахон Зарифи мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага нааразычылыгын жазган экен, мен бул боюнча тактоо киргизип коеюн. 
 
Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын башчысы катары мен Ворух анклавынын чечими боюнча сунуштарыбызды кесиптешим урматтуу Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда тапшырдым. Мындан башка биздин жакынкы коңшу мамлекет туурасында бир дагы сөз болгон жок. Анан эмне үчүн Хамрохон аксакал өтө жаман жооп кайтарып, өзүнүн маданиятынын төмөндүгүн жана душмандык мамилесин көрсөтөт, же, менин өлкөмдүн кызыкчылыгын коргобогон алардын сунуштарына макул болбой койгондуктанбы? 
 
Кандай гана болбосун, мен баарын жакынкы коңшубуз Тажикстан эли менен  достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай провокацияларга алдырбоону суранам, Кудай буюрса, баары жакшы болот!  Мени каалашыӊча караласаӊ да, Улуу Кыргыз элиме тийбе, сураныч!»-деп жазды ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter