У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мүлктү ижарага берүүдө 100 миллион сомдук коррупция аныкталды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ижара ишмердүүлүгүн текшере баштады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.
 
Текшерүү учурунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонддун кызмат адамдары мамлекетке тийиштүү мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү боюнча келишимди туура эмес түзгөндүктөн бюджетке ири өлчөмдө акча түшпөй калганы аныкталган. Натыйжада мүлктү ижарага берүүдө өлкө бюджетине 100 миллион сомдон ашуун каражат түшпөй калган. 
 
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 322-беренеси (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) жана 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter