У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэриядагы кызмат адамдар ээси жок батирлерди ээлеп алган


 
Ээси жок батирлерди ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Ички иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатканы такталды. Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичирайонунун аймагында жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү батирлер аныкталган. Ал батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээси жок батирлер катары таанылган.
 
“Бүгүнкү күндө бул батирлер мыйзам талабына ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болгон. Бирок, 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгынын менен райондук администрациянын айрым кызматкерлери тарабынан Свердлов районунун Муниципалдык аймактык башкармалыгынын начальниги М.А.га батир Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү чечими жок берилген. Ал бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш тартууда”, – деп билдирди ИИМ. 
 
Мындан сырткары, соттун чечими менен ээси жок батирлер катары эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5 батирде Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери жашап жатканы аныкталды.
 
Департамент калган даректерде ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тергөө-оперативдик иш-чараларын жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter