У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер ырчы Анжелика шайлоо эрежесин бузду


Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткан ырчы Анжелика шайлоо эрежесин бузду делген видео социалдык тармактарда жарыяланды. Анда анын видеосу үгүт иштерин эрте жүргүзүү жана шайлоочуларды сатып алуу катары бааланууда.

"Наш народ" партиясынын талапкери Анжелика Кайратова үгүт иштери башталганга чейин өзүнүн инстаграм баракчасында түз эфир кылып, катталуучулар арасында батир ойноткон.

Талапкер Анжелика болжол менен "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 28-бөлүмүн бузуусу божомолдонууда. Анда шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынары жазылат.
1) Акча төлөп берүү;
2) Белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшыруу;
3) Товарларды жеңилдетилген сатууну жүргүзүү;
4) Бардык товарларды акысыз таратуу;
5) Кызматтарды акысыз же жеңилдетилген шарттарда көрсөтүү;

Буга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы маалымат таратты. 

"Бул маалыматты текшерүү үчүн атайын топ түзүлүп, иштерди алып барууда. Учурда чечим чыга элек",- деп жазылат маалыматта. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter