Референдумду өткөрүүгө 55 миллион сомдон ашык каражат сарпталат
- 15.03.2021, 11:02,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга 55 миллион 642 миң сом сарпталат. БШКнын маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштурууга 12 миллион сом сарпталат. Чет өлкөлөрдө алар 48 шайлоо участкасында добуш беришет.
Референдум бүткүл Кыргыз Республикасы боюнча 2021-жылдын 11-апрелине, жекшемби күнүнө дайындалгандыгын кошумчалайбыз.
Депутаттар экинчи жана үчүнчү окууда 11-апрелге референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун жактырышты. Жапаров референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамга кол койгон.