Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды
- 12.03.2021, 17:40,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктап, мамлекет башчысы Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Эки күндүк сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен, өзбек парламентинин эки палатасынын башчылары - Сенаттын Төрагасы Танзила Нарбаева жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы менен жолугушту.
Ошондой эле иш сапар алкагында 22 документке кол коюлду. Алардын арасында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө, аткезчиликке каршы чогуу күрөшүү, суу-энергетика, коргоо жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашуулар бар.