Жалил Атамбаев үй камагына чыкты
- 05.03.2021, 10:43,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жалил Атамбаев тергөө менен кызматташууга жана келтирилген зыянды мамлекеттин казынасына төлөп берүүгө даяр экенин билдирген. Ошондуктан сот аны үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.
Жалил Атамбаевдин бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-мартта караган.