У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасалат


 Райым Матрамовдун жүрөгүнө операция жасалат. Бул тууралуу 3-мартта «АКИpress» агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
 
Матраимов Бишкектеги жеке клиникалардын биринде дарыланууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, ага гипертония жана стенокардия диагнозу коюлган. Анын абалы орто оор деп бааланууда. Ошондуктан, ага операция жасоо пландаштырылууда. Операция ушул эле клиникада жасалышы мүмкүн. 
 
Матраимов 2020-жылдын октябрь айында бажыдагы коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, ал 2 миллиард сом өлчөмүндөгү зыянды төлөп берген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter