У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар Конституциянын жаңы долбоорун парламентте ачык талкуулоону талап кылышты


 Бүгүн Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбоорун карай баштады. Төрага Талант Мамытов кесиптештерин Баш мыйзамдын редакциясы боюнча суроолорду бербөөгө үндөдү, анткени бул тема күн тартибинде эмес, күн тартибине бир гана референдум маселеси коюлганын айтты. 
 
Депутаттар Талант Мамытовдун сөздөрүнө каршы пикирлерин билдирип, Баш мыйзамдын жаӊы долбоорун ачык талкуулоону талап кылышты. 
 
Депутат Жанар Акаев  эгер Баш мыйзам боюнча суроолор берилбей турган болсо анда эмнеге Баш майзамдын долбоорун  депутаттарга бергенин түшүнбөй жатканын, Акаев, Бакиев мезгилиндеги «конституциялык реформалар» кандай өтсө, бул жолу да ошондой эле болорун, ашып кетсе 10 депутат каршы добуш берип, калганы колдой турганын айтты. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter