Кыргызстанда парламенттик шайлоо күзүндө өтөт
- 01.03.2021, 16:33,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашканынын бир себеби - адилетсиз шайлоо болгон. Ошондуктан быйыл таза, таза шайлоо болот.
«Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Референдум өткөрүү пландаштырылган, биз аны дагы таза өткөрөбүз. Азыр биз мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты орнотуп жатабыз. Албетте, муну бир жылдын ичинде жасоого болбойт. Кырдаалды оңдоо үчүн 2-3 жыл талап кылынат”, - деди Садыр Жапаров.