У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аскарбек Шадиевдин иши. УКМК АКШнын элчилигине жардам сурап кайрылды


 25-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигине издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиевге байланыштуу Кыргызстандын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен расмий кайрылган.
 
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, УКМКнын тергөө органдары Шадиевге карата кылмыш фактысы боюнча 215-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (легалдаштыруу (адалдоо)) боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат
 
Кыргыз Республикасынын сот органдары ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө алдын алуу чарасын колдонуп, ага байланыштуу Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter