У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Орусиянын "кара тизмесине" кирип калган мигранттарды андан чыгарууну убадалады


Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирип калган кыргызстандык мигранттарды андан чыгаруу жана айыппул сыяктуу же башка административдик чараларга алмаштыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада мекендештер менен жолугушуусу учурунда айтты.

Жапаров жолугушууга катышкан кыргызстандыктарды ошол өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин так сактоого чакырып, эки мамлекет ортосундагы авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча иш жүрүп жатканын, жакын арада маселе оңунан чечилерине үмүт бар экенин айтты.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды социалдык жактан коргоо жана медициналык тейлөө маселесине токтолуп Жапаров буга чейин жетишилген натыйжага карабастан медициналык камсыздандыруу көйгөйү чечүүнү талап кылып жатканын белгиледи.
Президент диаспора өкүлдөрүнө Кыргызстанга көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык айтты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter