У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров Татарстан президенти Минниханов менен жолукту


Садыр Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугуп, эки тараптуу байланыштардын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров Татарстандын Россиянын өнүккөн аймактарынын катарына киргендигин, андагы ийгиликтерге канааттануу менен көз салып тургандыгын айткан.

"Биз ар дайым тыгыз кызматташууга, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгындагы экономикалык, соода, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө ынтызарбыз", — деген Жапаров.
 
Президент Минниханов эки тараптын өз ара достук жана натыйжалуу байланышын колдоо өтө маанилүү экендигине токтолуп, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана жалпы байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл буруу керектигин белгилеген.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter