У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Максат ажы Токтомушев: "Мен жөнүндө тараган видео чоң окуянын кичинекей үзүндүсү"


Интернет желелерине мурунку муфтий Максатбек Токтомушевдин катышуусундагы чуулгандуу видео тараган. Токтомушев аталган видео тууралуу элге видео кайрылуу жасап, бул чоң окуянын кичинекей үзүндүсү гана экенин эскертти.

"Кечээ менин дарегиме тиешелүү видеонун тарап кеткени - бул бир чоң окуянын кичинекей үзүндүсү. Ал жерде мени пара берип жаткандай кылып көрсөтүүсү - бул шантаж.
Бул тескерисинче укук коргоо органдарынын пара алууга мажбурлоо деп эсептелет. Кудай буюрса, азыр тергөө учуру болуп жатат. Тергөө бүткөндөн кийин баарын кенен, ачык-айрым айтып берем. Ошон үчүн Кыргыз эли буга ишенбейт. Ал жерде 1 миллион 300 миң доллар депозитке коюлган деп коркутуп, провокация кылганы туура эмес.
"Маселени биз чечип беребиз, чоңдор менен сүйлөштүк, алар макулдугун беришти, бирок өтө чоң сумма экен, сиз канча бересиз" деген талаптар менен бухгалтерибизди коркутуп, үркүтүшкөн. Анын оорулары бар эле ага карабай 5 саат сурак алып, кармап турушкан. Ооба, мен "канча процентке койгон болсоңуз, ошонун баарын кайтарып бериңиз" деп айтканым чын", - деген Токтомушев.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter