У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев: "Мусулман калкы катары муфтийдин камалышы кичине туура эмес болуп калды"


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 18-февралда Баткен облусуна болгон иш сапарында Кыргыз өлкөсүнүн мурунку муфтийи Максат Токтомушевдин кармалышы боюнча пикирин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Айтымында, Токтомушев мыйзам бузган болсо, жооп берүүгө милдеттүү, бирок мусулман калкы катары аны кармоо туура эмес иш болгон.

"Муфтий Токтомушев боюнча мен ойлойм, анын камалганын мыйзам чегинде дагы бир жолу карап чыгыш керек. Бирок мусулмандыктын негизинде, ар-намыс, ариеттин негизинде бул бир аз туура эмес болуп калды.
Эгерде ал Кыргызстандын мыйзамдарын бузган болсо, жооп берүүгө милдеттүү. А бирок биз мусулман калкы катары өзүбүздүн муфтийлерибизди, аалымдарыбызды колдоп, кубатташыбыз керек",- деген Ташиев.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter