У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент кезде кичилигин таппай койгон Дастан Жумабеков, Жээнбековдун кемчилигин тапты


Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Дастан Жумабеков super.kg видео порталындагы маегинде экс-президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруусундагы кемчилиги-  анын коомчулукта айтылган кайрылууларга көңүл бурбай койгондугу дейт.

“Адам баласы болгондон кийин кемчилиги болот. Бирок, мамлекетке кыянатчылык кылган жок. Балким коомчулукта айтылган кээ бир кайрылууларга көңүл бурбай койгону - кемчилиги болушу мүмкүн”, - деди Жумабеков.

Жумабеков маегинде 2020-жылы 6-октябрь окуяларында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүп, өлкө тынчтыгы үчүн кызматын өткөрүп бергенин айтты. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдик толкундоодон кийин өз эрки менен кызматтан кеткен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter