У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге карата козголгон алты кылмыш иш тууралуу айтып берди


УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
 
Абдил Сегизбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча шектүү деп эскертүү берилгендиги такталды.
 
«Биринчи иш Белизгейтке байланыштуу. Тактап айтканда, Сегизбаев өз ыйгарым укуктарын колдонуп, Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянованы, Өмүрбек Текебаевди жана Алмамбет Шыкмаматовду каралоо үчүн айыптоочу далилдерди топтогон. Ал 2016-жылы Белизгейт жөнүндө жалган маалымат тараткан», - деп билдирди Башкы прокуратура.
 
Көзөмөл органы Абдил Сегизбаевге каршы козголгон экинчи иш УКМКнын кызматкерлеринин ортосунда Көк-Жар кичи районунда турак-жай бөлүштүрүүгө байланыштуу деп билдирди. Турак жай кодексинде биринчи кезекте кыймылсыз мүлк кимге берилиши керектиги так көрсөтүлгөн.
 
«Абдил Сегизбаевдин жеке көрсөтмөсү боюнча УКМКнын Тогузунчу кызматынын башчысы Дамир Мусакеев жана турак жай комиссиясынын төрагасы Б.Нуржигитов прапорщик М.Жумагуловго үч бөлмөлүү батирди мыйзамсыз беришкен. Үчүнчү иш боюнча, Сегизбаев УКМКнын кызматкерлери Э.Базакечовго, А.Джаманаковго жана М.Жумагуловго жекелештирилген куралды мыйзамсыз берген. Төртүнчү иш Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу», - деп түшүндүрдү мекемеден.
 
Бешинчи иш атайын кызматтын айрым жетекчилеринин мыйзамсыз иш сапарларына байланыштуу. 2017-жылы алар бюджеттин эсебинен чет өлкөлөргө саякаттап келишкен. Көзөмөлдөөчү органдын айтымында, бул сапарлар негизсиз болгон. Мамлекетке келтирилген зыян аныкталды. Абдил Сегизбаевге каршы алтынчы кылмыш иши жашыруун тергелип жатат.
 
Эскерте кетсек, буга чейин Абдил Сегизбаевге карата эки кылмыш иши козголгону маалымдалган Бири Кой-Таш айылындагы жер тилкелеринин мыйзамсыз алынышына байланыштуу болсо, экинчиси «Белизгейт» ишиндеги чууга байланыштуу. Атайын кызматтын мурунку башчысы УКМКнын абагына киргизилген. Кийинчерээк Башкы прокурор Курманкул Зулушев «Facebook» баракчасында Абдил Сегизбаевге каршы алты кылмыш иши козголгонун билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter