Сыймык Жапыкеев: Коррупция менен күрөш эми башталды…
- 05.02.2021, 11:17,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мына акчага таянган маал өттү, миллиардер «Граф» коронавирустан өтүп кетиптир, ыйманы саламат болсун. Миллиардер Жумалиев кармалды. Коррупция менен күрөш накта башталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев билдирди.
«Достор түшүнүктүү болсун: УКМК коррупция жана өзгөчө оор, чоң мааниге ээ кылмыштарды иликтейт. Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөт. Финпол депутатка алыбыз жетпесе да, балдарын камаганбыз, бирок алар сот аркылуу чыгып кеткен. Бүгүн Жумалиевди УКМК басыптыр, бир чети туура болду. УКМКанын мүмкүнчүлүгү көп, СИЗОсу да бар, өздөрү изилдешсин. Коррупция менен УКМК күрөшөт, мыйзам ошондой.
Достор, акыркы күндөрү мени жамандап, ушак чыгаргандар көбөйдү. Провокацияга алдырбай, тынч эле тура туралык. Жумушка жабышкан жокбуз. Бирок, Финпол буюрса калчудай. Сабырдын түбү сары алтын, сабырдуулука чакырам», -деди Жапыкеев.