Токмоктон чыккан миллиардер Алижан Ибрагимов коронавирустан көз жумду
- 03.02.2021, 10:18,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда «Граф» каймана аты менен таанымал миллиардер Алижан Ибрагимов коронавирустан каза болду. Ал акыркы убакта Бельгияда дарыяланып жаткан. Бул тууралуу маалымат булактары жазышууда. Маалыматка карганда ал Токмок шаарында жерге берилет.
Ибрагимов 1953-жылы 5-июнда Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлгөн. Токмок шаарында жашаган. Ачык булактарда анын 6 баласы бар экени айтылып келет.