У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эльвира Сурабалдиева: "Эч нерсеге кейибейм. Жеңилдегендей сезимде кетип жатам"


Жаңы өкмөттүн курамында Эльвира Сурабалдиева жок болуп чыкты. Саясатчы бул кызматка убактылуу келгендиги башынан эле сүйлөшүлгөнүн айтып, кейибей кетип жатканын жазып чыкты:

"Документтерди тапшырып, кечээтен бери иш кагаздардын аягына чыгып жатамын. 4.02.2021 иштегениме 100 күн болот экен, отчетту бул жерге сөзсүз чыгарамын. Жүрөгүм тынч, бир кыйла жеңилдегендей сезимде кетип жатамын, - коронавирус боюнча кырдаалга жоопкерчиликти көтөрүү оор болуп жатты. Ковид-19 менен күрөшүү республикалык штабдын жетекчилигин бүгүн саламаттык сактоо министрлигине тапшырып беремин. 

Мени колдоп, жардам берип жаткандарга да, ишимди сындап, катуу талаптарды койгон ар бирөөңүздөргө чын дилимден ыраазычылык билдиремин - чоң кызматтын жоопкерчилиги да оор болот. Оор кырдаалда вице-премьер-министрликке дайындалып келгенмин, ал кезде убактылуу мөөнөттөгү экендигин алдын ала сүйлөшүлгөн эле. Эч нерсеге кейибеймин" дейт ал... 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter