У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баш мыйзам жеке адамдын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгына иштеш керек...


Эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекеттин башкы документи деп саналган Конститутуциябыз 8 жолу өзгөрүүүгө учурады. Ар бир президент өзүнүн укуктарын кеңейтүү же бийлигин узартуу максатында коомчулуктун сынына карабай референдумдарды өткөрүп келишти. Алсак, Акаевдин тушунда баш мыйзам 5 жолу өзгөрүлүп, 15 жыл бийликте отурду. 2005-жылы Бакиев, 2010-жылы Убактылуу өкмөт, 2016-жыл Атамбаев конституцияны өзгөртсө, учурдагы президент Садыр Жапаров дагы референдум өткөрүү алдында турат. 
 
“Чындан эле Кыргызстандын өнүгүшүнө баш мыйзам тоскоолдук жаратып жатабы? Же бул бийлик башына келген президенттердин көнүмүш адатыбы?” – деген да суроо жаралат.
    
Баардык режимдер учурунда референдумга каршы чыккан саясий топтор, саясатчылар болду. Бирок, бийлик аларды капарына алып да койгон эмес. Тескерисинче, каршы болгон саясатчыларды куугунтукка алып, кысым көрсөткөн. Акаев, Бакиев бийлигинен сабак алдым, өлкөдө демократия болот деген Атамбаев дагы референдумду колдобой койгон саясатчыларга азуу көрсөттү.
   
 Алсак, Атамбаев Коснтитуцияны өзгөртүп жатканда каршы болушкан Өмүрбек Текебаев менен Бакыт Төрөбаевге карата ошол учурда аябай катуу чабуул жасалды. “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогерсс” фракциялары көпчүлүк коалициядан чыгарылды. Ошого карабастан, Төрөбаев, Текебаевдер өз позицияларында аягына чейин турушту. Коркуп жалтакташкан жок. Ошол кезде, Төрөбаевге Жогорку Кеӊештин төрагалыгы да сунуш кылынган дешет. Бирок, ал позициясынан тайып, кызмат үчүн чуркап кетпегендигин сыйлагандар да, сындагандар да бар.  
  
  Натыйжада “Ата Мекен менен “Өнүгүү-Проресс” коалициядан чыгарылды. Текебаев көп өтпөй камакка алынды, Төрөбаев баардык кадрлары кызматтан алынып, канаты кыркылып отуруп калды.  
 
Мына азыр дагы Конституцияны өзгөртүү аракеттери жүрүп жатат. Садыр Жапаровдун демилгеси менен өткөн рефрендумга ылайык башкаруу формасын президенттик кылып өзгөртүү маселесине ылайык жаӊы Баш мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы турат. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да бар. Азыркы парламенттеги фракция лидерлерли референдумга конкуренттүү аргументтер менен каршы чыга алабы? Албетте, мындай чечкиндүү кадамга, тобокелчиликке бара алышпайт. 
 
Бирок, негизи Баш мыйзам бир адамдын жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин, улуттун мүдөөсүнө, келечегине ылайык жазылыш керек эле. Бизде болсо бийликке келген адам түбөлүк башкарчудай өзүнө ылайыктап жаздырат. Кошоматчылар эки эсе ашыгы менен аткарышат. Анан бийлик алмашса эле, көйгөйдү баягы Баш мыйзамдан көрүшүп, кайрадан алмаштырып башташат. Эгемендүүлүк алгандан бери ушул көрүнүш. Биз мына ушул адаттан арылышыбыз кажет. Баш мыйзам мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына иштей турган болушу шарт. Антпесе, рефрендум өткөрүп эле жүрө беребиз...
  Акжол Бекишов


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter