У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаңы Баш мыйзам кабыл алынса президенттен эч ким отчёт сурай албайт...


Жаңы баш мыйзам кабыл алынса, президент Жогорку Кеңешке, Элдик курултайга ишмердүүлүгү боюнча маалымат гана берет экен. Эч кимдин алдында отчёт бербейт. Бул дегендик президенттин эмне кылып жатканын эч ким отчёт сурай албайт дегендик.
 
Ошондой эле, президент мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болот. Бул эң эле кооптуу жагдай. Анткени, президент өз каалаган мыйзамын өткөрө алат дегенди билдирет.

Мындан сырткары Конституциялык палатанын сотун, Тартип комиссиясынын сотун толугу менен президенттик институт аныктап жатат. Бул жагдай эч бир бийлик бутагы президенттен өз алдынча иштей албайт, көз каранды болот дегенди туюндурат.

Арийне, президент Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүн сунуш кыла алат. Эми мунун өзү кандай шайлоо өтпөсүн президенттин чечимине ылайык чечилет дегенди айгинелейт.

Негизи Баш мыйзам бир адамдын жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин, улуттун мүдөөсүнө, келечегине ылайык жазылыш керек эле. Бизде болсо бийликке келген адам түбөлүк башкарчудай, өлбөчүдөй болуп өзүнө ылайыктап жаздырат. Кошоматчылар эки эсе ашыгы менен аткарышат. Анан бийлик алмашса эле, көйгөйдү баягы Баш мыйзамдан көрүшүп, кайрадан алмаштырып башташат. Эгемендүүлүк алгандан бери ушул көрүнүш. Эми Садыр Жапаров бийликтен кеткенде, Баш мыйзамды алмаштырабыз деп чыкпасаңар болду...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter