Сот Абдил Сегизбаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды
- 27.01.2021, 19:08,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин бөгөт чарасы бүгүн, 27-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Тергөө иштерине байланыштуу ал 25-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.
Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана "Белизгейт" иши боюнча айыпталууда. Ал кечээ, 26-январда кармалган.