Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев үй камагына чыкты
- 22.01.2021, 15:22,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлады.
Эске салсак, экс-министр 2020-жылдын сентябрь айында Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген пайдасыз келишимдерди түзүшкөн жана өлкө казынасына 9 миллион сом зыян келтиришкен.
Бул факты боюнча мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев камакка алынып, бирок операциядан кийин ал үйүндө дарыланып жатат.