У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров премьерлик кызматты тапшырды, өкмөттүн курамы толугу менен отставкага кетти


 
Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматтын тапшырды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 21-январда кол коду. 
 
Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасынын премьер-министри менен өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыкка президенттин милдеттин аткарып жаткан Талант Мамытов 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин жана жаӊы шайланган президент Садыр Жапаровдун премьерлик кызматын тапшыруу тууралуу арызына байланыштуу кол койгон. 
 
Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөттүн учурдагы курамы отставкага кетти деп эсептелинет.
 
Эми кайра жаӊы өкмөттүн курамы бекитилет. Жаӊы жаңы курам түзүлгүчө азыркы өкмөт мүчөлөрү кызматтык милдеттерин аткара берет. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter