У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу тууралуу сунушту президентке жолдошот


Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткна Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу тууралуу сунушту президентке жолдомой болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, депутаттардын мындай чечим кабыл алышына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынына тоготпостук мамиле кылып, келбей койгону себеп болгон.

"Бүгүн комитетте курулуштагы көйгөйлөр жана курулуш үчүн документтерди берүү процедураларын оптималдаштыруу боюнча маселе каралмак жана суроолордун көпчүлүгү шаар бийлигинин өкүлдөрүнө берилмек. Жыйынга мэриянын бир да өкүлү келбегени депутаттарды нааразы кылды", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter