"Ала-Тоо аянтында элдик жеңиш белгиленет". Жапаровдун атынан аянтка чакырган билдирүү тарады
- 11.01.2021, 12:26,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 10-январда өлкөдө Президенттик шайлоо болуп өтүп, ага 17 талапкер катышып, алдын ала жыйынтык боюнча 80% добуш менен Садыр Жапаровдун алдыга озуп чыкканы айтылган.
Бүгүн, 11-январда социалдык тармактарда жана WhatsApp тиркемелери аркылуу элди Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына чакырган кат тарады. Анда бүгүн, 11-январда 14:00дөн 16:00гө чейин аянтта элдик жеңиш майрамдалаары, болочок ажо элге кайрылуу жасаары айтылган.
"Урматтуу Элим! Бүгүн саат 14:00-16:00гө чейин Ала-Тоо аянтында "Элдик жеңишти" белгилеп, Садыр Нуркожоевич кыргыз элине кайрылуу жасайт. Келип катышыңыздар" деп, С.О. Отунчиевдин колу коюлган.
Эске салсак, таң эртеден эле аянтка белгисиз адамдар тамак-аш, аппаратураларды алып келип, аз-аздан адамдар чогулуп жатканы маалым болгон.