«Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашты
- 05.01.2021, 14:11,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракция лидерлигинен кетти. Ал лидерликтен кетүү чечимин фракциянын 5-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алды.
Маалыматка ылайык, Текебаев лидерликтен өз каалоосу менен кетти. Анын ордуна депутат Айсулу Мамашева фракция лидери болуп шайланды.
Ошондой эле жыйында депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылганы айтылды.