Марат Аманкулов «Биримдик» партиясынын курамынан чыкты
- 28.12.2020, 15:20,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Марат Аманкулов «Биримдик» партиясынын курамынан чыгып, лидерликтен да кетти. Бул тууралуу ал ЖКнын депутаты Дастан Бекешев менен болгон маегинде билдирди. Маекти Дастан Бекешев «Telegram» каналына жарыяларды.
Маекте Марат Аманкулов «Биримдик» партиясынын төрагалыгынан кетип, партиядан чыкканын айткан.
Ошондой эле ал азыр эч бир партияга мүчө болбостугун, шайлоого да барбай турганын, мындан ары илимий-агартуу ишмердүүлүгү менен алектенүү ниети бар экенин билдирген.