У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кечээ эле чогу жүргөн Курсан Асанов бүгүн Мадумаров менен саламдашкандан качты


Кечээ эле Адахан Мадумаровдун этегин кармап жүргөн Курсан Асанов бүгүн Мадумаров менен саламдашкандан качып, тескери карап калды. Бул деген саясатта достуктук жок экенин жөн гана кызыкчылык боло турганын дилили болду десек жаӊылышпайбыз. Тагыраагы, бул көрүнүш Курсан Асановдун жигиттик сапаттын ачык көрсөтү. 
 
Парламенттик шайлоодо Адахан Мадумаровдун партиясы менен депутат болгусу келген Курсан Асанов жигиттик кылып эл менен жолугушуу өткөрүп жаткан кечээги партиялашы менен кол алып учурашып койсо болмок. «Бир күн туз таткан жериңе миң күнү салам бер»-дейт беле?..

Буга Адахан Мадумаров да нааразы болуп, «Курсан Асанов эл менен жолугушуусун саат 11ге белгилеген экен, биз саат 11деги жолугушууну 12ге жылдырдык. Жолугушуудан чыккандан кийин Курсан Асанов «Салам алейкум»- деп саламдашып койгондо керемет болмок», -деди.  




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter