У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевдин абалы менен таанышты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалып турган шарты жана ден соолугунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу 25-декбарда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Атамбаев тергөө абагынын кызматкерлеринин камакта кармоо шарттарына жана аракеттерине эч кандай дооматы жок экендигин айтып, ден соолугунун начардыгын белгиледи.
 
УКМК төрагасы К.К.Ташиев тиешелүү кызматтарга А.Атамбаевдин ден-соолугунун абалын кылдаттык менен текшерип чыгууну, андан кийин зарыл болгон учурда аны медициналык мекемеге жаткыруу жөнүндө чечим кабыл алууну тапшырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter