Талант Мамытов бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
- 24.12.2020, 09:58,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 24-декабрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага мамлекеттик органдардын айрым жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышат.
Жыйында президенттик шайлоо учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси, ошондой эле өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар каралат.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана ички иштер министри Улан Ниязбеков республика аймагында коронавирус инфекциясы шартында президенттин кезексиз шайлоосун уюштуруу жана референдум өткөрүү жаатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришет.Коопсуздук кеңешинин жыйыны Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо 24" телеканалында жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Башталышы саат 11:00дө.