У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар экономикалык мунапыс боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты


 
Жогорку Кеңештин депутаттары «Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Демилгечилер - Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров, Акылбек Жапаров.
 
Мыйзам долбоору республикалык бюджеттин тартыштыгы мезгилинде мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессине катышкан адамдарга карата ишкердик субъекттерине кошумча мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө максатында, ошондой эле түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда кармалып жаткан адамдарга карата коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу гуманизмдин көрүнүшүн аныктоо максатында даярдалган.
 
«Мыйзам долбоору тарабынан сунуш кылынган ченемдер соттолгондорду жана тергөө жүрүп жаткан адамдарды багууга мамлекеттик чыгымдарды азайтууга жардам берет жана айрым экономикалык жана салык кылмыштары, ошондой эле менчикке каршы кылмыштар, соода жана башка уюмдарда кызматтын кызыкчылыктары үчүн кылмыш жоопкерчилигин гумандаштырууга багытталган. Ошол эле учурда, бул ченемдер жогоруда айтылган кылмыштар үчүн эркинен ажыратылбастан жазалоону камсыз кылат, бул коомдо мүдүрүлүп калган адамды сактап калууга  жана аны оңолуп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берет”, - деп айтылат билдирүүдө.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter