У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ташиевге ыйлап кайрылган окуучу кыздын үй-бүлөсүнө жардам берилди


УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге ыйлап кайрылган 9 жашар кыздын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилди. Ошондой эле анын даттануусу боюнча алдын ала текшерүү иштери башталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Кайрылуудан улам Ташиевдин тапшырмасы менен УКМК кызматкерлери Кемин шаарчасына барган. Шакированын үй-бүлөсүндө беш адам жашары, чындыгында эле алар материалдык жардамга муктаж экендиги аныкталган.

"Аталган бүлөгө көмөк көрсөтүү максатында УКМК төрагасы Ташиевдин атынан биринчи иретте зарыл болгон азык-түлүктөр, ал эми балдарга жаңы жылдык белектер менен канцелярдык буюмдар жеткирилди. Жардамга ыраазылыгын билдирген Шакированын үй-бүлөсү маселенин адилеттүү жана объективдүү чечилишине ишенип тургандыктарын билдиришти", — деп маалымат таратты комитет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter