У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Биздин дагы чындык бар. Марат Токторалиевдин агасы Альбина Найзабековага жооп берди


2020-жылдын 14-декабрында "Пегас Ала-Тоо" ЖЧКсынын башкы директору Альбина Найзабекова АКИpress агенттигиндеги пресс-конференцияда "2017-2018-жылдар аралыгында, Марат Токторалиев аттуу адам өзүн УКМКнын кызматкери жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин оң колу катары тааныштырып, соттук териштирүүлөрдө бизге жардам берүүнү убада кылган, кийинчерээк  ал УКМКнын кызматкери эмес болуп чыкты», - деген маалымат тараткан. 

Марат Токторалиевдин агасы Найзабекованын берген маалыматы карандай калп жана анын инисинин Атамбаевге тиешеси жок экенин айтып чыкты.

"Найзабекова менин инимди Атамбаевдин оң колу болгон деп жатат, бирок Атамбаев ресторанда жубайы менен бийлеп жаткандагы видеосунда Найзабекованын өзүн көрүүгө болот. Ал ойго келбеген суммадагы каражатты инимден талап кылып жатат. Ошондой эде УКМКнын жалган кызматкери дейт, бул да жалган маалымат" дейт ал. 

Ошондой эле Токторалиевдин тарапташтары Ниязбекованын башка алдамчылык иштеринин да бетин ачышты.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter