У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Максат Мамытканов үгүт учурунда Адахан Мадумаровдун коопсуздугун жеке өзү камсыз кылууга даяр


 
Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Ысык-Көл облусуна болгон үзгүлтүккө учураган сапары тууралуу маалыматка комментарий берди.
 
Буга чейин Мадумаров Ысык-Көлдө үгүт кампаниясын баштоого ниеттенгенин, бирок анын командасындагы жигиттер коркутуп-үркүтүүлөргө туш болгонун билдирген.
 
 
Мамытканов өз кезегинде талапкер Мадумаров жөнүндө маалыматты облустук бийликтен сурагандыгын билдирди.
 
«Тоскоолдуктар болгон жок, ал өзү бул жакка келген жок деп жатышат. Эгер Ысык-Көл облусуна келем десе, келсин. Алдын ала билдирип койсун, аны тосуп алышат. БШК буга чейин териштирүү үчүн комиссия жиберген. Тоскоолдуктар болбошу керек, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Эгер коркунуч болсо, анда биз коопсуздукту камсыздайбыз. Мага айтсын, мен аны менен барам, ошол жерде болом”, - деди вице-премьер-министр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter