Жыргалбек Сагынбаев: "Жетим-Тоо Кытайга сатылып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт"
- 17.12.2020, 15:02,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Жетим-Тоо Кытайга сатылып кетти деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда маалымат жыйында билдирди.
"Жетим-Тоо боюнча ар кандай кептер тарап жатат. Аталган тоонун ээси - мамлекет. Андагы кендин көлөмү 3 миллиард тоннадан ашык. Бул боюнча мамлекет бардык сотторду утуп чыккан. Кытай тарапка сатылды деген маалымат туура эмес", - деди ал.