У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Назарбаев: Кыргызстандан Акаев менен Бакиевди мен чыгарып кеткем


Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев «Хабар» телеканалындагы маек берип жатып Кыргызстанда болуп өткөн  2005, 2010-жылдары көтөрүлүш  тууралуу айтып жатып, Кыргызстандан качып кеткен 2 перзидент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарууга негизги көмөкчү болгонуна токтолду: 

«Кыргызстан тууралуу айтып өтсөм, Аскар Акаевди мен Бишкектен Таразга тик учак менен алып чыгууга мажбур болдум. Акыбал өтө оор эле, атышуу болуп кетмек. Тараздан Орусияга кетти. Андан кийинки президенти да ошол эле окуяны кайталады. Ошто жатып алды. Тарапташтарын чогултуп алып, куралданып, Бишкекти көздөй кол салууга даярданган. Мен ага: «Курманбек, сен эмне кылып атасың? Кан төгөсүң. Анан эмне болот? Кайра президент болосуңбу? Андан кийин кантип иштейсиң?» деп сурадым. Ал кездеги убактылуу президент Роза Отунбаева менен сүйлөшсөм, кандай жол менен болсо да Бакиевди алып чыгып кетишимди суранды».



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter