У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бул мыйзам эмес, бул чыйкан!



Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Мирлан Бакиров, Нурбек Алимбековдор шайлоодо эки пайыз добуш алган партияларды бюджеттин эсебинен каржылоону демилгелеп мыйзам долбоорун сунушташты. 

Жеке керт баштарынын кызыкчылыгын ойлошкон саясий топтун мүдөөсү үчүн партияларды бюджеттен каржылайлы деген Алтыбаева сыяктуулардын акылы анчейин эмес окшойт. Мындайды кыргызда «ынсапсызга кашык берсең беш ууртайт» - деп коюшат. 

Коомчулук болсо,  «чоңдорду салык төлөп багып жатканыбыз аз келгенсип, эми топтошкон саясатчыларды дагы багышыбыз керекпи» - деп нааразы болушууда. 

Ырасында,  акылы жайында киши мындай мыйзам сунуштабайт эле. Суктуктун дагы чеги болот эмеспи. Ар ким эле чыйылдап оюна келген мыйзамды түртө берсе болбойт да.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter