У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эльнура Алканова: "АКШ Матраимовго санкция киргизүү менен Кытайга экономикалык согуш жарыялады"


Райымбек Матраимовду жактап чыккан, кийин анын партиясы менен шайлоого катышкан журналист Эльнура Алканова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Матраимовго АКШ тарабынан киргизилген санкция тууралуу үн катты.

Анын пикиринде, АКШ Кытайдын Евразия экономикалык биримдигине жөнөтүлгөн товарларын чектөөнү көздөйт.

"Планетадагы бир дагы өлкө башка мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөйт. АКШ да Матраимовго жеке кызыкчылыгы үчүн санкция киргизди. Бул жерде кыргыз элинин эч кандай кызыкчылыгы жок, көзүңөрдү ачкыла урматтуу жолдоштор!
АКШ Кытайдын Евразия экономикалык биримдигине жөнөтүлгөн товарларын чектөөнү көздөйт. Алар Кыргыз өлкөсүнүн башына өздөрүнүн кишилерин коюуну каалайт. Эгерде ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кытайдан жөнөтүлгөн товарлардын көлөмү азайса Кытайга оор болот. Биз жана Орусия башка альтернативдик жолдорду табабыз. Кымбатчылык болот, бирок жашап кете алабыз. Бул кадимки эле Кытай менен АКШнын экономикалык согушу.

Алдыда бизди "Бир шакекче, бир жол" долбоору күтүп турат. Мындай темп менен биздин өлкө сыртта калары сезилип турат. Реэкспорт рыногун бизден Казакстан тартып алып жатат. Башка өлкөлөр Кытайга жакшы шарттарды, саясий стабилдүүлүктү сунушташат. А биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдон чыгарабыз. Кеп кандайдыр бир жеке адамдарда эмес, биз өлкөнү жоготуп жатабыз", - деп жазды Алканова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter