Конституциялык кеӊешме экс-президент статусун калтыруу чечимин кабыл алды
- 07.12.2020, 13:16,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Конституциялык кеӊешме экс-президент статусун калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу пленардык отурумда «Мамлекеттик бийлик органдары» бөлүмүнүн төрагасы Болот Токтобаев билдирди.
Анын айтканына караганда, учурда талкууланып жаткан жаӊы Баш мыйзамда экс-президент статусу калтырылат, бирок аларга берилген артыкчылыктарды алып салуу сунушталууда.
«Экс» деген мурдагы дегенди түшүндүрөт, ошондуктан экс статусу конституцияда калтырылат. Бирок мыйзамда биз экс-президенттин кепилдиктери менен артыкчылыктарын чектөөнү сунуштап жатабыз», — деди Болот Токтобаев.