У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн Талант Мамытов Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы менен жолугат


Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, ЖК спикери Талант Мамытов Россияга иш сапары менен учуп барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул иш сапар Жогорку Кеңеш менен Россиянын Мамлекеттик Думасынын алкагында болуп жатат. Мамытов Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен бүгүн, 7-декабрда, жолугат. Ошондой эле ЕЭК төрагасы Михаил Мясникович жана КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулар күтүлүп жатат.

Буга чейин Мамытовду депутаттар Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров коштоп барары айтылган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter