У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айданбек Акматов: Садыр Жапаров Атамбаевди актоого эмнеге жол ачып жатат?


Садыр Жапаровдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди актоого, боштондукка чыгарууга жол ачып жатканынын сыры эмнеде экенин журналист Айданбек Акматов фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 


АШАНЫ "БОШОТУУ" СЫРЫ...
Атамбаев Садыр Жапаровдун “сөөк өчтү душманы”. Анткени АША Жапаровду балдары, туугандары менен кошо камады. Камакта жаткан учурда  Жапаровдун үй-бүлөсүндө чоң жоготуулар болду...
Эми Жапаров тушунда АШАнын иши толугу менен кайра каралып, анын боштондукка чыгуусуна мүмкүнчүлүк ачылып олтурат. Анын себеби жана сыры эмнеде?
Ооба, Сооронбай Жээнбековго каршы күрөштө  АША менен Жапаровдор сүйлөшүп, сырдашып жүрүшкөн. Анын себеби биргелешип абактан чыгуунун айласы болчу.
Азыр эмне болду? Эмнеге Жапаров АШАны толук актоого, боштондукка чыгарууга жол ачып жатат?
 Буга саясий кырдаал себеп болуп жаткандай.
Чүй өрөөнү ар дайым  мамлекеттик кызмат иерархиясында биринчиликти же экинчиликти кармап келген. Бишкек мэрилиги да алардын колунан чыккан эмес. ИИМ баш болгон күч структуралары да көбүнчө алардын колунда болуп келген.
Садыр Жапаров бул көнүмүштү бузду. Чүй учурда биринчи да эмес, экинчи да эмес, ал эмес Бишкек шаарын да алдырып койду. Ошондуктан чүйлүктөрдү нааразылык арбын деген күбүр-шыбыр кеп жүрөт.
Жапаров АШАны бошотуу менен мына ошол нааразылыкты кайсы бир деңгээлде жубатып, президенттик шайлоодо Чүйдөн добуш алууну көздөп жаткандай.
 Же булар Кумтөр сыяктуу ири иштерде да бирге болуп, "абысын" болуп алдыбы?...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter