ЖК юристи: референдум өтпөсө депутаттар мөөнөтүн дагы 6 айга узартып алса болот
- 02.12.2020, 12:24,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Конституциялык палатанын отурумунда ЖКнын өкүлү Камила Бейшенбек кызы эгер Конституциялык реформа кийинки жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, Жогорку Кеңештин депутаттары мөөнөтүн дагы алты айга узарта аларын айтты.
Учурда Жогорку соттун Конституциялык палатасы парламенттин мөөнөтүнүн узартылышынын мыйзамдуулугу боюнча кайрылууну карап жатат.
Жыйында Нурбек Касымбеков: "Эгер Конституциялык реформа 2021-жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, ЖК мөөнөтүн дагы алты айга узартып алышы мүмкүнбү?" - деп сурады. Ага Бейшенбек кызы "ооба, мөөнөтүн дагы узартып алса болот" деп жооп берди.