Тайырбек Сарпашев 530 гектар жерди өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берет
- 01.12.2020, 11:17,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мыйзамсыз баюу фактысы менен кылмышка шектелип жаткан Тайырбек Сарпашевдин ишин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы иликтөөдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө Т.Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирген.
Мекеменин маалыматына ылайык, Сарпашев кийинки жумада жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет.
Учурда сотко чейинки өндүрүштү улантууда