У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Темирлан Султанбеков: "Мэрияга жумушка орношкон жокмун, парламенттик шайлоого даярданып жатам"


Кечээ "Социал-демократтар" партиясынан парламенттик шайлоого аттанган Темирлан Султанбековду кеңешчи кылып алдым деп Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев айтып чыккан. Бүгүн ал маалыматты Султанбеков четке какты.  Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Бүгүн мен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев менен жолугуп, шаардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкууладык. Биз элдин жыргалчылыгы үчүн ар кандай жардамды берүүгө мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче даярбыз. Журналисттер "Мэрияга жумушка орноштуңузбу?" деп чалып жатышат. Менин жообум жок. Мага чоң кызматтарды сунушташкан, бирок мен баш тарткам. Парламенттик шайлоого даярданып жатам, бирок элдин жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштегендердин баарына жардам берүүгө даярмын", - деп жазды ал.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter