Конституциялык кеӊешмеде англис тилине расмий макам берүү сунушу көтөрүлдү
- 26.11.2020, 13:25,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Конституциялык кеӊешменин бүгүнкү жыйынында Кыргызстанда экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүү тууралуу сунуш киргизилип, ал кеӊешменин катышуучуларынан ортосунда кызуу талкууну жаратты.
Аталган сунуш кеңешменин мүчөсү Максат Чакиев тарабынан сунушталды. Чакиевдин айтканына караганда, Кыргызстан орус тили аркылуу бир катар мамлекеттер менен эркин сүйлөшүп, карым-катнаш түзүп жатат, эгер англис тилине экинчи расмий тил деген макам берилсе дүйнөдөгү өнүккөн жүздөгөн өлкө менен кызматташууга жол ачылат.
Бул сунушка кеӊешменин катышуучусу профессор Сартбай Мусаев каршы чыгып, «Бул маселени талкулоонун өзү абсурд. Андай болсо башка тилдерди да расмий тил жазып алалы. Максатка жетиш үчүн улуттун кызыкчылыгын курмандыкка чалбаш керек»,-деди.